Ош шаарында Ош облусунун район акимдеринин жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды

Кырыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаранын алкагында, Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады.

Республикалык аттестациялоо комиссиясы 24 мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  2. 13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  3. 4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.

Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.