Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары жана орун басарлары аттестациядан өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” Жарлыгына ылайык башкаруу органдарындагы кадр тандоонун жана бөлүштүрүүнүн сапатын жакшыртуу колго алынат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алууда жетекчилер менен адистердин кесипкөйлүгүнө жана адеп-ахлахтык сапаттарына талап коюлат.

Кадрдын жериндеги ишине өзгөчө маани берилет. Андыктан, 2021-жылдын 9-мартынан тарта райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын жана орун басарларынын аттестациясы жүргүзүлөт.

Мамлекеттик кадр кызматынын демилгеси менен аттестация өткөрүү боюнча компетенттүү комиссия куралат, ал комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, эксперттик жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадыр-барктуу ардагерлери кошулат.

Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аттестация өткөрүүнүн графиги түзүлдү. Аттестациядан өтө тургандардын тизмеси бекитилди.

Аттестация үч этаптан өткөрүлөт:

Биринчи этапта акимдердин жана орун басарларынын ишмердүүлүгү изилденет.

Андан ары жалпы мыйзамдарды билүү жана жеке сапаттарды аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө жүргүзүлөт.

Соңку этабы болуп комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү болот.

Аттестациянын жыйынтыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин кесипкөйлүгү жана жеке талаптарынын негизинде ал кызматка ылайыкбы же ылайык эмес экендиги боюнча чечим кабыл алынат.

Жогорку заманбап талаптарга жооп бере албаган кадрларга кызматтан бошотуу сунушталат. Ал эми аттестациядан ийгиликтүү өткөндөр мындан ары да өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн уланта беришине сунуш киргизилет. Мыкты кадрлар карьералык тепкичтен өсүү үчүн кадрлар резервине киргизилет.

Аттестациянын жыйынтыктары Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан чыгарылып, чечим кабыл алуу үчүн КР Өкмөтүнө жөнөтүлөт.

Аттестациянын жүрүшү коомчулук акимдерге жана алардын орун басарларына бериле турган баанын сапатын көрүү үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылат.

Аттестация менен биргеликте келечекте аким жана алардын орун басарлары кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрдык резервди түзүү боюнча конкурс жүргүзүлөт.

Конкурсту Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия жүргүзөт.

Конкурска өздөрүнүн аким жана анын орун басарлары бош кызмат орундарына талапкерлигин көрсөтүүнү калаган бардык жарандар катыша алышат.

Конкурс бул жерде да үч этаптан жүргүзүлөт:

Биринчи этап – талапкердин эмгек стажы жана тармак боюнча квалификациялык талап боюнча документтерди карап чыгуу.

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө.

Үчүнчү этап– Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан түзүлгөн конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Келечекте аким жана алардын орун басарлары кызмат орундарына дайындоо бир гана кадрлар резервинен жүргүзүлүп, кызматка кесипкөй кадрлардын келишине жол ачат.

Коомчулукту тааныштыруу максатында Региондук резервидин түзүлгөн курамы Мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайтына жайгаштырылат.