14.05.2022.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинде, Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевичтин төрагалыгы астында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн региондук кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү боюнча конкурстун аңгемелешүү этабы өткөрүлдү.
Комиссиянын мүчөлүгүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагери -Касиев Накен Касиевич баштаган жарандык коомдун, ошондой эле КР Президентинин администрациясынын, министрликтердин өкүлдөрү кигизилген.
Агентиктин буйругу менен түзүлгөн комиссиянын чечими менен региондук кадрлар резервине төмөндөгүдөй талапкерлер сунушталды:
— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын бош кызмат орундарын элөөгө — 5 талапкер;
— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын (экономикалык маселелер боюнча) бош кызмат орундарын ээлөөгө – 6 талапкер;
— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларынын (социалдык маселелер боюнча) бош кызмат орундарын ээлөөгө – 10 талапкер.
Жогоруда алалган талапкерлерди региондук кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйрук кабыл алынынгандан кийин Агенттиктин сайтына жайгаштырылат.