Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаевдин жетекчилигинде “Санарип аймак”  тутумун толтурууда жаралган көйгөйлөр боюнча Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын өкүлдөрү менен онлайн жыйын өттү.   Ошондой эле жыйынга Агенттиктин директорунун орун басары  Р.М. Алыкулов жана тиешелүү кызматкерлер катышты. “Санарип аймак” тутумун толтурууда  калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, Ветеринардык кызматтын, Жер ресурстар боюнча кызматынын тутумдарынан жаралып жактан  көйгөйлөр боюнча суроолор берилип жооптор алынды. Онлайн жыйынга 285 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты. Тактай кетсек онлайн жыйын 2022-жылдын 22-июлуна чейин уланат.