Сузак райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык
кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-
февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик
мамлекеттик кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык
конкурс жарыялайт.
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:
1) Кенже кызмат орундары үчүн:
 –жогорку билим/экономика, тейлөө сферасы же техникалык багыты боюнча жогорку
кесиптик билим.
 иш стажысына талап коюлбайт.
КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:
Жалпы мыйзамдар:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
Экономика багыты боюнча:
— Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси, «Туризм жөнүндө», «Чакан ишкерликти
мамлекеттик колдоо жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика»
мыйзамдары
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада
тиркелген):
– өзүнүн арызы;
— өздүк баракча;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2022-жылдын 22-сентябрынан 3-октябрына чейин кабыл алынат (эс
алуу, майрам күндөрүнөн башка). Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга
чакырылат.
Дареги: Жалал-Абад облусу Сузак району Сузак айылы Сатвалды-Палван көч.108