Талас райондук ветеринардык башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде  кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Талас райондук ветеринардык башкармалыктын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–  административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун  резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок:

4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

         

Административдик мамлекеттик кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Айыл чарбасы тармагындагы ветеринария багыты боюнча жогорку кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды жана жаныбарлардын алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

Билгичтиги:

  • өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон проблемаларды чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • белгилүү бир чөйрөдөгү иш-аракеттерди талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
  • башкаруу көндүмдөрүн, компьютерди жана башка оргтехниканы, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону колдонуу;
  • иштиктүү байланыштын ыкмаларын өздөштүрүү жана жолугушууларды, чогулуштарды өткөрүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календардык күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас шаары, Ломоносов көчөсү №3. Сурап билүү телефондор: (03422) 52232, 0997889937.