Талас районунун Долоно айыл кеңеши КРнын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Талас районунун Долоно айыл кеңешинин кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
-административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна (резервге)
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
-Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
-18 жаштан жаш болбоого;
-соттулугу жок;
-мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Жооптуу катчы. Башкы кызмат (Г-Б)
1.Кесиптик билимдин денгээли:
-жогорку кесиптик билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
-негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
7)Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;
8)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;
9)Кыргыз Республикасынын “Коруупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамы;
10)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
-предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамы;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ№308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкрс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
• адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
-билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү контролдоо жана аларды чечүүдө жаны ыкмаларды интеграциялоо;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу.
-көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмөрдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, жаны формаларын жана методдорун издөө );
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди, жолугушуларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
-бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
-кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү( 4х6-2 даана);
-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
-паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясынын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогоруулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9:00дон 17:30га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Талас району, Таш-Арык айылы, Манас көчөсү №124, Долоно айыл өкмөтүнүн кеңсеси.

Маалымат алуу телефондору: 0558150389, 0701754949