Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:

Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
-административдик муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобун элөөгө;
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө;
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттулугу жок;
3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Башкы кызмат (Г-Б)
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы ;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө » Мыйзамы;
8) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
9) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
ПЖ № 308 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 24 Жарлыгыны менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун ;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
• адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат
орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө » Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын » Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Кесиптик билимдин деңгээли:
Каржы-экономика тармагы улук кызмат (С-А)
Кесиптик билим деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
• Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын;
• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү.

Чыгаша боюнча улук кызмат (С-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү.

Киреше боюнча улук кызмат (С-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку билим;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;

Жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча улук кызмат (С-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-Жогорку кесиптик билим.
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
• Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик муниципалдык кенже кызмат
орундары үчүн (жалпы мыйзамдарды билүү) төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Экономика жана статистика боюнча кенже кызмат (М-А)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Жетектөөчү адис-юрист кенже кызмат (М-А)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— юридикалык багыттагы жогорку же орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Социалдык маселелер боюнча кенже кызмат (М-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Киреше боюнча кенже кызмат (М-Б)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт;
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын;
• кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору. Кенже кызмат (М-Б) -2 штаттык бирдик
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт.
Предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
• Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
• Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Талас району, Көк-Ой айылы, Манас көчөсү №102; Көк-Ой айыл өкмөтүнүн кеңсеси;