
- Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики > Жаңылыктар > Түштүк аймактар аралык башкармалыгына 124 талапкер арыз менен кайрылган
Архивы
This post is also available in: Kyrgyz
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана аларды иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 9-декабрындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө” № 21 буйругуна жана 2022-жылдын 17-февралындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө” № 30 буйругуна ылайык,
Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгына 124 талапкер арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 14-15-16-март күндөрү компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.
Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат
Ош шаары жана Ош облусу боюнча:
– райондук маанидеги шаардын мэрлери кызмат ордуна чакырылгандар 39, катышкандар 22, келбегендер 17, катышкандар 56,4%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 11.
– райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна чакырылгандар 65, катышкандар 45, келбегендер 20, катышкандар 69,2%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 19.
– айыл өкмөт башчы кызмат ордуна чакырылгандар 20, катышкандар 14, келбегендер 6, катышкандар 70,0%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 8.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат
Ош шаары жана Ош облусу боюнча:
– райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19;
– райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19;
– айыл өкмөт башчы кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 7.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
720017 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 122 Кабылдама: 0312 62-04-05, 62-02-43, факс 62-25-43. Жалпы бөлүм 62-0243, Кеңсе 62-02-43, Ишеним телефондору 66-02-95; 66-03-37; 66-03-39 е-mail: mmkyzmat@mkk.gov.kg