Түштүк Кореяга магистрдик программа боюнча окутууга кабыл алуу башталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Офиси (KOICA) менен биргелешип, мамлекеттик/муниципалдык кызматчыларды жана мамлекеттик сектордун кызматчыларын «KOICA Стипендиялык программа 2021» программанын чегинде магистрдик программаларына кабыл алууну жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп эсептелинет.

Окутуу төмөнкү тармактар боюнча жүргүзүлөт: мамлекеттик башкаруу, экономика жана соода, шаардык жана аймактык өнүгүү, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, гендердик өнүгүү, энергетика жана маалыматтык технологиялар.

Программанын негизги талаптары – жогорку билимге ээ болуу, англис тилин билүү, мамлекеттик/муниципалдык кызматта/мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу, 40 жылдан ашык эмес курак.

Документтерди2021-жылдын 3-мартына саат 12:00 чейин: Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304-кабинетке алып келүүнүздөрдү суранабыз. 304.

Кеңири маалымат жана заявкалардын формалары МККнын сайтында жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg(Бөлүм «Мамлекеттик кадр кызматы > Ишмердик> Кызматкерлерди окутуу > Чет өлкөдө окутуунун узак мөөнөттүк программалары»).

Консультация алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалыңыздар:

1) (0312) 620431-Токтомамат кызы Роза, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;
2) 0707 870622-Айзат Кыдыкбекова, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү.