УКР катарынан жаңы дайындоолор

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 29-июнунда мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин сунушу менен мамлекеттик башкаруунун административдик кызмат орундарына бир катар дайындоолор жөнүндө Өкмөттүн бир катар токтомдоруна кол койду. Ага ылайык:

— Бопушева Жылдыз Жоробековна– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына;

— Бахавидинов Эрмек Ибрагимович – Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчылыгына;

— Бакаев Азат Джумгалбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына;

Кийизбаева Жазгуль Ильичевна– Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына дайындалышты.

Жогоруда дайындалгандар буга чейин Улуттук кадрлар резервинин курамында болушкан.

Маалымат катары: Кадрлардын улуттук резерви башкы жана жогорку административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат.

Кадрлардын улуттук резерви төмөнкү талапкерлердин арасында конкурстарды өткөрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт:

1) кызматтык жогорулоого талапкер кызматчылардын;

2) баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматчылардын;

3) квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.