Улуттук кадрлар резервинин талапкерлери менен кезектеги аңгемелешүү болуп өттү

         КР Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 7-октябрында Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумдун алкагында Улуттук кадрлар резервинин талапкерлери менен аңгемелешүү болуп өттү.
         Улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн аңгемелешүүгө 28 талапкер катышышты. Талапкерлерге өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгү багытындагы суроолор берилди.
          Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссияны КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Комиссиянын курамына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери Жамин Акималиев, Сыдыкбек Аблесов жана Жаңыл Түмөнбаева, КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик башкаруу жаатындагы серепчилер, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору жана КР Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери киришет.
           Бүгүнкү күндө Улуттук кадрлар резервинде 399 резервист бар. Алардын арасынан жогорку администрациялык кызмат оруна (мамлекеттик жана муниципалдык органдардын статс-катчылары, аппарат жетекчилери) – 231 резервист, башкы администрациялык кызмат оруна (мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын бөлүм башчылары, башкармалыктын башчылары) – 168 резервист бар.

        КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы