Улуттук резервдин катарынан жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын Улуттук кадрлар резервинде болгон Эльзар Касымбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2020-жылдын 16-марттагы буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын иш кагаздарды жүргүзүү жана контролдоо секторунун эксперти болуп дайындалды. Аталган кызматка өзгөчө (конкурсу жок) тартипте дайындалат.

P.S. Буга чейин Эльзар Касымбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген.