Шайдан айыл өкмөтү  мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматынын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Административдик муниципалдык жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Автоматташтыруу жана башкаруу” — системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, сапатты башкаруу багыттары боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  8. Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө мыйзамы;

 

  1. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө
  2. Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө

 

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  5. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”
  6. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”
  7. Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”

 

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку же атайын орто кесиптик билим (“Экономика жана башкаруу”, “Архитектура жана курулуш”, “Транспорттук техника жана технология”, “Энергетика жана электротехника”,  “Социалдык илимдер”, “Гуманитардык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”, “Саламаттыкты сактоо”, “Маданият жана искусство” — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамы.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку же (атайын орто кесиптик) билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

 

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Ноокен району, Шайдан  айыл өкмөтү, Алма айылы Э.Давлетов көчөсү 9.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03734) 6-00-16 же мобилдик байланыш 0701-877711

 

Эскертүү:
-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.