Кенже  кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар: (Аскердик-эсепке алуу боюнча инспектор)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажга талап коюлбайт.

Улук  кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар: (Юрист-башкы адис)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– конкурстук комиссиянын тɵрагасынын атына жазылган жеке арызы;

–кадрларды каттоо баракчасы;

– 3х4 ɵлчɵмүндɵгү сүрɵт

– паспорттун кɵчүрмɵсү(оригиналы сынакка келген маалда кɵрсɵтүлɵт)

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– жогорку билиминин тастыктаган дипломунун кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек)

– эмгек китепчесинин кɵчүрмɵсү (нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлүшү керек)

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндɵн тартып 10(он) жумушчу күндүн ичинде Корумду айылынын Орозов кɵчɵсү №100 дарегинде кабыл алынат.

 

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн тɵмɵндɵгү телефондорго кайрылыңыздар. (03943) 30-0-19, 0708709401