Кенже топтогу муниципалдык кызмат орундарына тɵмɵндɵгʏдɵй

квалификациялык талаптар белгиленет:

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелʏʏ багыттагы орто кесиптик билим;

           2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талаптарды койбостон;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары ʏчʏн жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жɵнʏндɵ” Мыйзамын;

кызматтык милдеттерди аткаруу ʏчʏн зарыл болгон кɵлɵмдɵ мамлекеттик жана расмий тилдерди;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамын;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кызматтык милдеттерге ылайык ɵз ишин натыйжалуу пландоо;

-жарандын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктʏʏ кат алмашуу, командада иштɵɵ;

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар    резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна  ачык сынак жарыялайт:

 

Улук топтогу муниципалдык кызмат орундарына тɵмɵндɵгʏдɵй

квалификациялык талаптар белгиленет:

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелʏʏ багыттагы жогорку билим;

           2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары ʏчʏн жалпы мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын «Cалык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

билгичтиги:

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ысык-Кɵл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү кадрлар    резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматынын орунуна  ачык сынак жарыялайт:

 

башкы  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

Башкы топтогу муниципалдык кызмат орундарына тɵмɵндɵгʏдɵй

квалификациялык талаптар белгиленет:

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелʏʏ багыттагы жогорку билим;

           2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары ʏчʏн жалпы мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
    9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

-ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жамааттар жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомун, 2003-жылдын 24-июлундагы №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун билүүсү зарыл.

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

 

билгичтиги:

-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн кɵйгɵйлɵрʏн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү кɵйгɵйлʏʏ кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

-коюлган милдеттерди чечʏʏдɵ наватордук ыкмаларды колдонуу ʏчʏн мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ издɵɵ;

-ɵзʏнʏн ишин жана тʏзʏмдʏк бɵлʏмдʏн ишин натыйжалуу пландоо;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

көндүмдөрү:

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сʏйлɵɵнʏн ыкмаларын билʏʏ, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

компьютердик жана уюштуруу техниканы, зарыл болгон  программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 10-октябрь айына чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Чоӊ-Сары-Ой айыл, Ленин кѳчѳсү №28

 

Кошумча маалыматты Чоӊ-Сары-Ой айыл ɵкмɵтʏнɵн алса болот. тел: (03943) 56-3-85

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:Шайдылдаев А., 0507696979, 0702105767.