кенже кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажга талап коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамы: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
— билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккандан баштан 10 иш күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү №194, 2-кабат жоопту катчыга
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.