Улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү классификациялык талаптар белгиленет (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим (Экономика, бухгатердск эсеп, статистика багытындагы билим берүү жана башкаруу багытындагы билимдери)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы:
“Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактар жөнүндө”, “КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөөнүндө”, КРнын статистика жөнүндө” билүүсү.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн кɵйгɵйлɵрʏн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды интенрациялоо;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү кɵйгɵйлʏʏ кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
-коюлган милдеттерди чечʏʏдɵ наватордук ыкмаларды колдонуу ʏчʏн мʏмкʏнчʏлʏктɵрдʏ издɵɵ;
-ɵзʏнʏн ишин жана тʏзʏмдʏк бɵлʏмдʏн ишин натыйжалуу пландоо;
— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сʏйлɵɵнʏн ыкмаларын билʏʏ, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер (скоросшивателде) тапшырылат:
– жеке арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), кадрларды каттоо баракчасын (сүрөттөрү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы: Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөтү, дареги: Жаркынбаев айылы, көч. Абдрахманов №27, 2-кабинет,
Электрон.почта: abdrahmanovaiylokmotu@mail.ru Сурап билүү телефону: 36-0-01 (9.00-17-00),