Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөндөгү талаптарга ылайык келиши керек:
1. Кыргыз Республикасынын жараны;
2. Жаш курагы – 18 жаштан жогору;
3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн, мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек.
4. Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын.
5. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орду
(жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис,)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
— өздүк арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.

Талапкерлерден документтери Массалык Маалымат Каражаттарына же сайтка жарыяланган күндөн тартып 10(он) календарлык күндүн ичинде Ананьев айыл өкмөтү Ананьев айылы Ленин көчөсү № 120 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.