Ысык-Көл районунун Бостери айыл Өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна кадрлардын ички резервин түзүү үчүн

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

       Улук кызмат (киреше боюнча башкы адис) бош административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит, салык жана салык салуу багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамы «Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомун билүүсү зарыл.

 

     Улук кызмат (социалдык коргоо жана социалдык маданият маселелер)  административдик муниципалдык кызмат ордуна коюулуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим (социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, педагогикалык билим берүү).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

а) Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

б) ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү  мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Балдар Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Мамлекетик жөлөк пулдар жөнүндө”, ”Социалдык кызматкер жөнүндө” мыйзамдарын, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө”, ”Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды чектөө жөнүндө” жоболору.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндүн ичинде Бостери айыл өкмөтү, Бостери айылы, Мамытов көчөсү №93 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 61203 жана bosteri aiyl Okmotu Facebook баракчасынан  маалыматты алсаңыздар болот.