Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн административдик жана муниципалдык
кызмат орундарынын кадрлар резервине талапкерлерди киргизүү үчүн
ачык сынак жарыялайт
Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
1. Резервдик кадрга
Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция,
Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый
илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында)
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
1. КРнын Конституциясы,
2. КР “Министрлер Кабинети жөнүндө”,
3. КР “Эмгек кодекси”
4. КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
5. КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
6. КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”
7. КР “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”
8. КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”
9. КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”мыйзамдары
10. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен
бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүүү
нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
1. КР “Жер кодекси”
2. КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
3. КР “Жайыттар жөнүндө”
4. КР “Билим берүү жөнүндө”
5. КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”
6. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна
ылайык) жана расмий тилдерди;
Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына
квалификациялык талаптар:
1. Резервдик кадрга
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы
же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
3. КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
4. КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”
5. КР “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
6. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүүү нускама”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
1. КР “Бюджеттик кодекси”
2. КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”
3. КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”
4. КР Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757
токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;
Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат
орундарына квалификациялык талаптар:
1. Резервдик кадрга
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим же орто кесиптик билим — Эсептөө техникасы жана информациялык
технологиялар адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,
Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык,
Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
1. КР Конституциясы
2. КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
1. КР “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”
2. КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүүү нускама”
— Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны
практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;
— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды (Word.
Excel. Санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы) колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер :
1. Өздүк арыз
2. Өздүк баракча – 1 даана
3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт-2 даана
4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган);
5. Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасын сынака келгенде көрсөтөт)
6. Дипломунун көчүрмөсү (нотариус аркылуу тастыкталган);
7. Өздүк дарек (резюме)
8. Өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен)
Талапкерлер тиешелүү документерди Жазы айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күнүнөн баштап
10 жумушчу күндүн ичинде тапшырууңуздар зарыл.
Дареги Өзгөн району, Жазы айыл өкмөтү, Кара-Дыйкан айылы, М. Акматов көчөсү1.
байланыш телефону: 0776 20 60 40