Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүнүдө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП № 24 «Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» жарлыгына негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт:
I.Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна :Ош, Бишкек
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билими, төмөнкү багыттар боюнча: курулуш жана архитектура, техникалык, инженер-куруучу, инженер-гидротехник, инженер-гидромелиоратор жаатында;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому;
Предметтик мыйзамдар
— Кыргыз Республикасынын: “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамдарын;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун;
3.2.Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо, мамлекеттик жана расмий тилде ишкердик кат алышуу;
— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктууларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер (көктөмөгө тиркөө менен) тапшырылат:
— Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтүн;
-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү(түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
-керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматты тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Документтерди кабыл алуу орду жана убактысы:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти, дареги: 714000 Ош шаары, Моминова көчөсү №11, 1-кабат,4-кабинет.Сурап билүү телефону(факс): 7-13-52 0550219319, 0777437516.
Бишкек шаары Манас проспектиси 101/1 Жумабекова көч. 203/1, 4 -этаж, 404 кабинет 0553112902

Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 23-августунан 5-сентябрга чейин (кошкондо) жүргүзүлөт.

ЭСКЕРТҮҮ: Толук эмес же квалификациялык талаптарга жооп бербегендер конкурстук комиссиянын отурумунда каралбайт. Байланыш телефон номерлери жана электрондук почтанын дареги көрсөтүлүшү керек.