Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынын Нарын облустук «Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмү:

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар белгиленет:

Нарын облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башкы адиси(бухгалтер) (У-Б)
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика, каржы, бухгалтердик эсеп жана аудит, банктар боюнча иштери; менеджмент.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы
— Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп боюнча мыйзамы”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» кызматы жөнүндөгү жобосу”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө»; 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомдорун; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндө жобону;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругун
3.2. Билгичтиги:
— 1-С Предприятие 8.3.
— өндүрүштүн менчигинин сакталышын, материалдык, эмгек жана каржы ресурстарынын сарамжалдуу колдонулушуна көзөмөлдөө жана мекеменин чарбалык-каржы ишмердүүлүгүндөгү эсептик каттоону уюштурууну;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— каржы тартибин бекемдөөгө багытталган иш чараларды жандандырууну жана иштеп чыгууну камсыздоо;
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— сатып алуу планын даярдоо, жүзөгө ашыруу жана жеткирүүчүлөр менен иштөө
— эмгек акынын жүрүм-фондун эсептөө;
3.3.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер көрсөтүлүшү керек:

Кадрлар боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен жана байланышуу телефондору);
Паспорттун көчүрмөсү ;
Резюме;
Билими жөнүндөгү дипломунун көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариус менен бекитилген же болбосо иштеген жериндеги кадр бөлүмүнүн бекитүүсү);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинен мурун соттолбогондугу жөнүндөгү справка;
Бул документтер өзүнчө папкага тиркелиш керек.
Жарандардын өткөргөн документтеринде жогорудагы талаптарга жооп бербеген болсо конкурска киргизилбейт.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документерди талапкерлер берилген жарыядан эки апта ичинде берүүгө тийиш: Нарын шаары Ленин көчөсү 188, 3 кабат. Байланыш телефон: 0555-11-26-95, 03522-5-18-26.