2023-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мониторинг жүргүзүүнүн планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу амлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин тиешелүү буйругу менен 2023-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзамдардын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүүнүн планы бекитилди. Аталган планга ылайык үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Финансы министрлигинде, Экономика жана коммерция министрлигинде жана башка бир катар органдарда мыйзамдардын аткарылуусуна мониторинг жүргүзүлөт.