Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин административдик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү топтогу кызмат орундары үчүн ачык конкурс жарыялайт:
— Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө (У-А; У-Б категориялары);
— Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө (К-А; К-Б категориялары);
Кадрлардын резервине кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны;
- Мурда соттолбогон;
- Кадрлардын резервине кирүү үчүн мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши керек;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү.
Улук административдик муниципалдык кызмат ордуна: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик муниципалдык кызмат ордуна: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүгө, ошондой эле чет тилди билүүгө (зарылдыгы боюнча).
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
- Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө жалпы квалификациялык талаптар (экономикалык багытта):
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика жана башкаруу багыттагы, ошондой эле “юриспруденция” жана “эл аралык мамилелер” адистиктери боюнча жогорку билими.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” мыйзамдары.
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— чет тилди билгени артыкчылык болот;
— билгичтиги:
— маалыматтарды жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
- Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө жалпы квалификациялык талаптар
кесиптик билимдин деңгээли:
- тиешелүү багытта жогорку же орто кесиптик билими.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптарды койбостон;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
— билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө:
— көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
2.1. Уюштуруу иштери бөлүмүнө кенже топко (иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тили боюнча):
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, компьютердик технологиялар жана маалыматтык технологиялар багыттагы, ошондой эле “китепкана иши жана документ жүргүзүү” адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими.
Төмөнкүлөрдү билүү:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
2.2. экономика багыты боюнча кенже топко:
- Кесиптик билимдин деңгээли:
— экономика жана башкаруу багыттагы, ошондой эле «юриспруденция» жана «эл аралык мамилелер» адистиктери боюнча жогорку же орто кесиптик билими.
Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө», “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Тандоого катышуу үчүн жеке делого тиркелген төмөнкү документтерди тапшырышуу зарыл:
— өзүнүн арызы;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү.
Жеке делого тиркелген документтер 2022-жылдын 26-декабрынан 2023-жылдын 13-январына чейин, саат 17.00гө чейин Жибек Жолу проспектиси 328 дареги боюнча, 1-кабат 8-бөлмөгө жеке тапшырылышы керек. Телефон: (0312) 66 09 25.
Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер мындан ары конкурс катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.