JDSдолбоорунун Жетектөөчү комиссиясы менен талапкерлердин ортосундагы ар тараптуу аңгемелешүү өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин катышуусунда 9-10-март күндөрү JDS долбоорунун жетектөөчү комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумдун алкагында JDS долбоорунун Жетектөөчү комиссиясы менен талапкерлердин ортосундагы ар тараптуу аңгемелешүү өткөрүлүүдө.

2020-жылдын сентябрынан бүгүнкү күнгө чейин 2021-2021 жж. (15-айлампа) магистранттарды тандоо этабы жүргүзүлүп келген. Жогоруда айтылган долбоордун алкагында 2020-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин биринчи тур – тапшырылган документтерди анализдөө жана англис тили, математика боюнча сынактар өткөрүлгөн. Биринчи турдан 86 мамлекеттик кызматчылардын арасынан 47 кызматчы гана өткөн.

Конкурстун экинчи туру – жапон профессорлору менен аңгемелешүүсү 2021-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Коронавирустук инфекцияны эске алуу менен аңгемелешүү онлайн форматында болуп өттү. Буга чейин жапон профессорлору жыл сайын Бишкекке келип, талапкерлерди тандачу. Экинчи турдан 47 кызматчыдан 27 кызматчы аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтүштү.

Жетектөөчү комиссия Жапонияга окууга тандоо үчүн 27 талапкерлер менен аңгемелешет. Комиссия 18 мыкты талапкерлерди тандап алат. Бардык талапкерлер ар кандай мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары.

JDS долбоорунун максаты Кыргызстан менен Жапониянын эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрларды даярдоо саясатын колдоо алкагында Жапониянын алдыңкы жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын магистрдик даражасын (18 орун) жана доктордук даражасын (2 орун) алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат. Долбоор жашы 40га чейинки, кеминде эки жылдык мамлекеттик кызматтагы стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга каралган.

JDS долбоорунун Жетектөөчү комиссиясы менен талапкерлердин ортосундагы ар тараптуу аңгемелешүү өтүүдө