ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 Майыптардын укуктары корголот

Өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан 242 ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкер эмгектенет. Кызматкерлер I, II, III топтогу майыптар болуп эсептелинет. Бул тууралуу майып адамдардын укуктары боюнча БУУнун Конфенциясынын стратегиясын ишке ашыруу максатында КРдин Мамлекеттик кадр кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси биргеликте уюштурган тегерек үстөлдү айтылды. Иш-чаранын негизги максаты - БУУнун Конфенциясынын 4-беренесинин алкагында ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын  укугун коргоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салууну талкуулоо болуп саналат.

Тегерек үстөлгө КРдин Социалдык өнүгүү жана эмгек министри Улукбек Кочкоров, КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, көз карандысыз эксперттер жана эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле атайын чет өлкөдөн чакыртылган эксперттер  - шотландиялык Итан Янг жана ирландиялык Пэт Кларк катышты. Бул чет элдик эксперттер ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болуп эсептелинет.

  Иш-чарада майыптардын саясий укуктары, мыйзам негизинде шайлоо укугу жана шайлоо процессиндеги майыптар үчүн каралган шайлоо участоктору да талкууланды. Катышуучулар белгилегендей, мугалимдердин жана классташтырынын стереотиптүү мамилесинен, транспорттун ыңгайсыздыгынан,  мектептеги окуу графигинин ылайыксыздыгынан улам 80% майып балдар баштапкы билим алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Кыргызстан баардык майып  адамдарлын укуктарын бирдей коргоого, алардын кадыр-баркынын урматталышына көмөк көрсөтүүгө багытталган  БУУнун Конвенциясын ратифицияланган.