ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

“Кыргызстанды санариптештирүү: Заманбап өнүгүү жана келечек” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

2019-жылдын 17-июнунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү  Ош мамлекеттик университетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасы менен биргеликте 23-июнь Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата “Кыргызстанды санариптештирүү: Заманбап өнүгүү жана келечек” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин окутуучулук жамааты жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Программанын алкагында Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Аккозиев, Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан “E-Kyzmat” системасы тууралуу доклад жасап, бул автоматташтырылган системанын перспективалары жөнүндө баяндап берди.

Тегерек стол учурунда ОшМУнун бүгүнкү күндөгү санариптештирүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери жөнүндө доклад жасалды. “Инфоком” мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча өкүлчүлүгү, “Оштехнопарк”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Оштогу башкармалыгынын өкүлдөрү санариптештирүү процессин кантип жүзөгө ашырып жатышкандыгы тууралуу баяндап, тегерек столдун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.