ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Нарын жана Ыссык-Көл облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуулар өткөрүлдү

       Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат бөлүмү Түндүк аймактык өкүлчүлүгү менен биргеликте 2019-жылдын      2-3-июлунда Нарын жана Балыкчы шаарында бул аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Семинарда муниципалдык кызматты уюштуруу жана  өтөө маселелери, ошондой эле 2018-жылдагы муниципалдык кызматчыларды ишин баалоонун  жыйынтыгы  боюнча орун алган кемчиликтер талкууланды. Жалпы  түндүк аймагы боюнча семинарга райондук мамлекеттик администрациялардын кадр иштери боюнча кызматкерлери, райондук  финансы  башкармалыктарынын  өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, шаар вице-мэрлери, аппарат жетекчилери, айыл өкмөт  башчылары  жана жооптуу катчылары тартылып, баардыгы 114 адам катышты.

       Семинардын жүрүшүндө  муниципалдык кызмат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ү.Темурмаликова тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын 2018-жылдагы ишин баалоонун  жыйынтыгында орун алган кемчиликтер боюнча түшүндүрмө берилди. Ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерге киргизилген өзгөртүүлор жана толуктоолор жөнүндө маалымат берилди.

     Семинардын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү багытында көптөгөн сунуш пикирлерин билдиришти жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тиешелүү көйгөйлүү суроолорду берип, аларга тиешелүү  жоопторду алышты.