ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

БШК адам ресурстарын башкарууда алсыздык кылган

Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) 2019-жылдын 11-25-июнь аралыгында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратында (БШК) мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо боюнча мониторинг жүргүздү. МККнын жумушчу комиссиясы мониторингде 2016-жылдын июнь айынан тартып 2019-жылдын май айына чейинки мезгилдеги материалдарды иликтеп чыкты.

Мониторингдин жыйынтыгында БШКнын аппаратында адам ресурстарын башкаруу боюнча, атап айтканда, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, окутуу, этика, карьералык пландоо жаатында иш системалуу жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды. Ошондой эле БШКнын аппаратынын адам ресурстарын башкаруу боюнча секторунун кызматкерлеринин мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамдарды колдонуу маселелеринде чабалдык кылышкандыгы белгилүү болду.

МККнын жумушчу комиссиясы аталган калпыстыктарды бир ай аралыгында жоюуга мөөнөт берди. Аныкталган мыйзам бузуулар аталган маморган тарабынан өз мөөнөтүндө жөнгө салынбаса Мамлекеттик кадр кызматы бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңешке, Президенттин Аппаратына, Өкмөттүн Аппаратына, Башкы прокуратурага, Эсеп палатасына жана башка тиешелүү маморгандарга жиберүүгө укуктуу.