ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы уланууда (Жаңыланды 17.04.2021)

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын жүзөөгө ашыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана башчылардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине (Регионалдык резерв) киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү улантууда.

Мурда кабарлангандай, 800дөн ашуун КР жарандары Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн арыздарын беришти.

Конкурстук тандоонун биринчи этабы болгон – компьютердик тестирлөөдөн  ийгиликтүү тапшырышкан талапкерлер кийинки этап болгон – аңгемелешүүгө өтүштү.

2021-жылдын 5-апрелинен тарта КР Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы өтүп жатат. Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектөөдө. Кечээ, 15-апрелде өткөрүлгөн аңгемелешүүгө 47 талапкер катышса, бүгүн, 16-апрелде Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабына 68дей талапкер катышууда.

Комиссиянын курамына КР Президентик Аппараттан – бир өкүл, КР Өкмөттүк Аппараттан – бир өкүл, республикалык масштабдагы жетекчилик кызмат орундарын аркалаган, мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – академик Жамин Акималиев, Жаңыл Түмөнбаева, республикабыздын эмгек сиңирген куруучусу Садыкбек Аблесов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин жетекчиси жана өлкөбүздүн алдыңкы серепчилери киришти.

 Комиссия мүчөлөрүнүн баасы аңгемелешүүдө ар тараптуу калыстыкты камсыздоо алкагында жетекчи үчүн керек делген тогуз негизги компоненттер түзүшөт. Алар:

- лидерлик сапат;

- кесиптик сапат;

- ой-жүгүртүүсүн айтып берүүдөгү тактык;

- идеялардын бардыгы;

- логика;

- туруктуу мүнөз;

- туура баарлаша билгендиги;

- изденүүсү;

- жоопкерчилик.

Аңгемелешүүнүн бааларынын компоненттерин түзүүдө мыкты кадрларды тандоо жана дайындоо менен экономикалык жетишкендиктерге жетишкен Жапония, Түштүк Корея ж.б. өңдүү дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн кадр тандоодогу пайдаланылган тажрыйбасы эске алынды.

Талапкердин жалпы эрудициясы аңгемелешүү учурунда эске алынып, ар түрдүү суроолор да талапкерлерге берилүүдө.

Баа ар бир комиссиянын мүчөлөрү 5-баллдык шкалада коюлууда. Ал баа эсептелип, орточо суммасы чыгарылат. Аңгемелешүүдө коюлган баа Регионалдык резерве киргизүүдө жана талапкердин рейтингин аныктоодогу комиссиянын жалпы чечимине негиз боло алат.

Аңгемелешүүнүн жүрүшү  Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан жана Фейсбук социалдык желесиндеги расмий баракчадан түз эфирде көрсөтүлүүдө. Ар бир жаран талапкерлердин жоопторунун сапаттуулугун көрүп, тандоонун ачык-айкындуулугуна күбө болот.

Ушул жылдын апрель айынын биринчи жарымынын ичинде конкурстук тандоо өз ишин аяктап, тандоонун жыйынтыгы менен акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоодо талапкерлердин рейтинги түзүлүп, каралат.

Комиссия жыйынтыктоочу чечимин конкурстун аягында чыгарат жана ал чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын жаралган бош кызмат орундарына (вакансия) дайындоодо бул чечим эске алынат.