Мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш тарабынан Каржы министрлигинин  статс-катчылык  кызматына Жылдыз Нурматованы сунуш кылуу чечими кабыл алынды

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин статс-катчылык бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.

Сынакка катышууга 20 талапкерге уруксат берилген.

Тестирлөөнүн жана практикалык иштерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча финалдык этапка - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат Кеңешинин мүчөлөрү менен  маектешүүгө 4 талапкерге уруксат берилген. Алар:

- ЖУМАДЫЛОВ Санжарбек Кадырович;

- КАСЫМБЕКОВА Жанара Байызбековна;

- МҮСҮРАЛИЕВ Сүйүнбек Иратбекович;

- НУРМАТОВА Жылдыз Баишевна.

Кеңеш тарабынан бул кызматка Жылдыз  Нурматованын талапкерлигин сунуш кылуу чечими  кабыл алынды.

Маалымат: "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамга ылайык  аткаруу бийлиги органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчилиги менен макулдашылып, КРнын Премьер-министри тарабынан дайындалат.