Мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш тарабынан Мамлекеттик экотехинспекциянын статс-катчылык  кызматына Кутман Мамыровду сунуш кылуу чечими кабыл алынды

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана  техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын  статс-катчылык бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.

Сынакка катышууга 20 талапкерге уруксат берилген

Тестирлөөнүн жана практикалык иштерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча финалдык этапка - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат Кеңешинин мүчөлөрү менен  маектешүүгө 4 талапкерге уруксат берилген. Алар:

- АКМОЛДОЕВ Айбек Кудайбергенович;

- ЖУМАДЫЛОВ Санжарбек Кадырович;

- МАМЫРОВ Кутман Өмүрзакович;

- СЫДЫКОВ Нурбек Таштанбекович.

Кеңеш тарабынан бул кызматка Кутман Мамыровдун талапкерлигин сунуш кылуу чечими  кабыл алынды.

Маалымат: "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамга ылайык  аткаруу бийлиги органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчилиги менен макулдашылып, КРнын Премьер-министри тарабынан дайындалат.