Статс-катчылар менен кеңешме өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2019-жылдын 19-мартында мамлекеттик органдардын статс-катчылары менен кеңешме өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчы Б.Э. Сагынбаев саламдашуу сөзү менен кайрылды.

Б.Э. Сагынбаев кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн буруп, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарды жер-жерлерде жүзөгө ашырууга басым жасады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев 2019-жылга карата мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.

Кеңешмеде мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды Мамлекеттик заказдын алкагында окутуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүн «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системага кошулуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашырууга багытталган чаралар туурасындагы ой-пикирлер менен алмашуу жүргүзүлдү.