JDS долбоорунун магистрдик программасынын финалисттери аныкталды

Мамлекеттик кадр кызматында 2019-2020-жылдарда  кадрларды даярдоо үчүн стипендия кароо долбоору (JDS долбоору) боюнча Комиссия башкармалыгынын  отуруму болуп өттү.

Отурумга КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров, Япон Элчилигинин жана JDSнын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, КР Президентинин, Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперттери жана Комиссия башкармалыгынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө JDS долбоорунун магистрдик программасынын финалистери аныкталды. Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдан баштап Япон мамлекетинин  долбоорунун алкагында кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды чегерүүчү магистрдик программага кошумча 3 орун берилип, ал программага 18 орун сунушталат.

КР Мамлекеттик кадр кызматы жыл сайын Япондордун эл аралык кызматташуу борбору менен биргеликте кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды төлөө долбоорун ишке ашырып келет (JDS). Япон мамлекетиндеги ЖОЖдордун магистрантураларына 2007-жылдан бери JDS долбоорунун негизинде 191 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден турган 12 топ жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө JDS долбоорунун негизинде стипендианттардын 13-тобу даярдалууда.

JDS долбоорунун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япон мамлекетинин университеттеринен Магистрлик даражаны алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат.

JDS долбоорунун негизги шарты – окууну ийгиликтүү аяктагандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 3 жылдан кем эмес кызмат өтөөсү керек.