Cертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземи өттү

2019-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана айылдык кеңештердин депутаттары үчүн уюштурулган квалификацияны жогорулатуунун 72 сааттык курстарын аяктагандыгы жөнүндө сертификаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземи өттү.

Бул курстар Борбордук Азиядагы Ханса Зайдель Фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан өткөрүлдү.

Республиканын бүт аймактарынан келген айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын жана айылдык кеңештердин депутаттарынын катышуусу бул семинардын өзгөчөлүгү болуп саналат. Өткөрүлгөн курстарынын натыйжасы боюнча 2018-жылдан тартып 2019-жылга чейин 23 угуучу курстарды ийгиликтүү бүтүрүп, сертификаттарды алышты.