Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу түзүүдө

2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиянын Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын ректору Владимир Мау менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев катышышты.

Катышуучулар мамлекеттик кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге келишти.