Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Казакстан Республикасында 2019-2020-жылдарга магистратура боюнча бир жылдык программага кабыл алууну жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – МКК) төмөнкүнү маалымдайт: Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) Астанадагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Регионалдык хабы жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы фонду менен биргелешип, төмөнкү билим берүүчү программалар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында 2019-2020-жылдарга магистратура боюнча бир жылдык программага кабыл алууну жарыялайт:

  1. «Мамлекеттик саясат» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта бир жылдан аз эмес стажы)
  2. «Мамлекеттик саясат жана укук» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта үч жылдан аз эмес стажы)
  3. «Адам ресурстарын башкаруу» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта үч жылдан аз эмес стажы)

Программада төмөнкүлөр каралган: виза алууга кеткен чыгымдар, эки тарапка авиакаттам, Академиянын жатаканасында жашоо чыгымдары, ошондой эле айлык стипендия төлөп берүү.

Толтурулган заявкаларды 2019-жылдын 14-июнуна чейин МККга тапшырууңуздарды суранабыз, ошондой эле заявкаларды Академиянын расмий сайтына онлайн берсе болот: http://www.apa.kz/ru/kak-postupit/.

Академиянын кабыл алуу комиссиясына тапшырылуучу документтердин тизмеси

Заявкалардын формалары