Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык кызматкерлери үчүн окутуу семинары болуп өттү

2019-жылдын 17-апрелинде КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат жана аналитикалык бөлүмү Бишкек шаардык мэриясынын структуралык жана аймактык бөлүмдөрүнүн кадр маселелери боюнча бөлүм башчыларына жана адис кызматкерлерине семинар өттү, ага 27 муниципалдык кызматкерлер катышты. Семинардын катышуучуларына  Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев куттуктоо сөз сүйлөдү.

Семинарда муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо, ошондой эле бошогон кызматкерди дайындоо процедуралары жөнүндө айтылды.