Ысык-Көлдө адам ресурстарын башкаруу жаатында семинар өттү

«Ысык-Көл-Аврора» санаториясында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында адам ресурстарын башкаруу» деген аталышта  үч күндүк (21-23-апрель) тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү.

Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы кеңсесинин көмөгү менен «Мамлекеттик сектор чөйрөсүндө адам ресурстарын башкаруу» үч жылдык программасынын алкагында болуп өткөн бул семинарга КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев, Корея Республикасынын Жергиликтүү бийлик органдарын өнүктүрүү институтунун президенти Пак Джемин, Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы О.Донгиль, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Акматалиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын статс-катчылары, облустук жана райондук  мамадминистрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилери катышты. Семинарда Кореядан келген профессорлор Корея Республикасынын мисалында мамлекеттик административдик башкаруудагы ачыктык, мамлекеттик кызмат өтөө, электрондук өкмөт жана адам ресурстарын башкаруу жаатында лекция окушту. Ошондой эле эки тарап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, кесипке кайра даярдоо жана окутуу боюнча да тажрыйба алмашышты.