Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы абитуриенттерди магистратура программасына чакырат

Бул күндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (КРПМБА) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча өлкөнүн алдыңкы улуттук жогорку окуу жайы болуп эсептелет.

КРПМБА жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында Улуттук кадр саясатын ишке ашырууда өз ара тыгыз кызматташып келет. Мамлекеттик кызматкерлердин бир катар жогорку квалификацияга эгедер заманбап кадрлары КРПМБАда билим алышкан. Улуттук кадр резервиндеги мамлекеттик кызматкерлердин 50%зы КРПМБАнын бүтүрүүчүлөрүнөн турат.

Бүгүнкү күндө магистратура жаатында билим берүү дистанттык технологияларды кеңири колдонуу менен өтүүдө. Бул окутуу ыкмасы магистранттар үчүн жумушунда иштөө менен үзгүлтүксүз билим алууга шарт түзүлгөн, окуу процесси КРПМБАнын интернет-платформасында өткөрүлөт, муну менен ар бир магистрантка жеке интернет - иш кабинети түзүлөт жана бул кабинет аркылуу КРПМБА менен байланышта болуп, андан керектүү маалыматтарды алып турат. Магистранттан талап кылынуучу нерсе – бул компьютер менен иштегенди билүү жана онлайн режиминде такай байланышта болуу. Билим алууну эңсегендердин баарына биздин эшигибиз ар дайым ачык!

Толук маалыматты КРПМБАнын сайтынан алсаңыздар болот -

http://www.apap.kg/  же кийинки адамдардан:

-  Баймулдинова  Анара  Токталиевна,  проректор рангындагы Башкаруунун жогорку мектебинин директору,  иш тел.:  (0312)  623135,  тел.моб.: 0555354033;

-  Супатаева  Нуржан  Тилекматовна,  кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы, иш тел.:  (0312) 623134, тел.моб.:  0550923994,  e-mail: agupkr2019@apap.kg

-  Апсаматов  Улукбек  Аскатбекович,  иш тел.:  (0312)  623137,

тел.моб.: 0552198606.