Талас облусундагы мамкызматкери үчүн «e-Kyzmat» системасын колдонуу боюнча семинар өтту

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20 буйругун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы («Инфоком» МИ) менен биргелешип, 2019-жылдын 16-апрелинен 19-апрелине чейин Талас облусундагы Ѳкмѳттүн ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилери, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана территориялык бѳлүмчѳлѳрүнүн башчылары үчүн «e-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу жана колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрүп, пландаштырылган 80 пайдалануучуларынын ичинен 73 пайдалануучу окутулду.

Семинардын катышуучуларына «e-Kyzmat» маалыматтык системасын пайдалануу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.