Мамлекеттик кадр кызматы Эмгек  жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги мыйзам бузууларды аныктады

2019-жылдын 12-29-мартында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталуусуна мониторинг жүргүзүлүп, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин борбордук аппаратынан, министрликтин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинен олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Мониторинг жүргүзүү учурунда жеке курам жөнүндөгү буйруктар, мамлекеттик жарандык кызматкерлердин жеке баракчалары, эмгек китепчелери, ишмердүүлүккө баа берүү протоколдору, тандоо сынагын өткөргөн комиссиянын протоколдору жана башка 2017-2018-жылкы материалдар каралган.

Мониторингтин жыйынтыгы боюнча 2017-жылы өткөрүлгөн мамкызматкердин ишмердүүлүгүн баалоодо,  мамкызматкерге класстык чиндерди берүүдө, административдик мамлекеттик бош кызмат ордулары үчүн өткөрүлгөн конкурстарда, кызматтык иликтөөлөрдө, ротациялоодо, жеке иштер боюнча тартипте жана мамкызматкерлердин эмгек китепчелеринде олуттуу каталар кетирилгени белгиленген. Министрликтин 2018-жылга мамкызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо боюнча жыйынтыгы мониторинг учурунда даяр эмес болгон.

Жүргүзүлгөн мониторингтин жыйынтыгында кадр маселелери боюнча документтерди анализдөө, тактоо көрсөтүлгөн. Министрлик адам ресурстарын башкаруу, ишмердүүлүктү баалоо, этика, мамлекеттик кызматкердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу, карьералык пландоо  боюнча системалуу иштерди жүргүзбөгөн. Ошондой эле адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамды толук биле бербестиги ачыкталган.

Мониторингтин жыйынтыгын боюнча МККнын жумушчу комиссиясы мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга ылайык укук бузууларды бир ай ичинде калыбына келтирүүнү көрсөткөн.

Ошондой эле  маморгандын жетекчилиги тарабынан сунуштар  аткарылбаса, МКК мыйзам бузууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, КРдин Президентинин Аппаратына, КРдин Өкмөтүнүн Аппаратына, КРдин Генералдык прокуратурасына, КРдин Эсеп палатасына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүүгө жиберүүгө укуктуу.

Белгилей кетсек, 2019-жылы  план боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарда,  25 мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мониторинг жүргүзүү пландаштырылган. Ошондой эле мониторинг жүргүзүү тартиби боюнча жобого ылайык, элдердин арыздарынын негизинде пландаштырылбаган мониторингтер жүргүзүлүшү мүмкүн.