Маморгандардагы этика эрежелери боюнча комиссия жетекчилери үчүн окуу семинары болду

КРдин Мамлекеттик кадр кызматы менен  КРдин Тышкы иштер министрлиги биргеликте КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын көрсөтмөсүнүн негизинде өткөн жумада КРПМБАда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы этика эрежелери  боюнча комиссиянын жетекчилерине жана мүчөлөрүнө чет өлкөлөрдөгү командировкаларда кызматкер өзүн кантип  алып жүрүүсү керек, деген маселелердин тегерегинде  семинар өттү. Семинарга баардык борбордук мамлекеттик органдардан 50 кызматкер катышты. Семинардын катышуучуларына  жумуш сапары менен чет өлкөгө барганда өзүн кантип алып жүрүүсү тууралуу маалымат берилип, аны менен бирге этика эрежелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле КРдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн этика кодекси жана КРдин дипломатиялык кызматкерлери үчүн этика кодекстеринин негизги пункттары жөнүндө айтылып, мамлекеттик кызматкер ушул эрежелерди чет өлкөгө чыкканда сөзсүз түрдө сактоосу керектиги белгиленди. Ошону менен бирге дипломатиялык паспортторду жана жумушчу паспортторду каттоо жана колдонуу, иликтөө жумуштарынын тартиптери каралды.