Сот департаментинде процедуралык каталар аныкталды

2019-жылдын 8-22-апрель аралыгында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо жагдайына мониторинг жүргүзүүдө КРдин Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинде процедуралык каталарга жол берилгендигин аныктады.

Мониторинг учурунда 2017-2018-жылдардагы жеке курам боюнча буйруктар, мамлекеттик жарандык кызматкерлердин өздүк маалыматтары, эмгек китепчелери, ишине баа берүү боюнча протоколдор, сынак жүргүзүүдөгү конкурстук комиссиянын протоколдору жана башка материалдар каралды.

Мониторингдин жыйынтыгында 2018-жылда мамкызматкерлердин ишине баа берүүдө, кызматтык иликтөө жүргүзүүдө, ротация кылууда,   мамкызматкерлердин өздүк маалыматын жана эмгек китепчесин каттоодо процедуралык каталар болгондугу аныкталган.

Мониторингдин жүрүшүндө Мамкадр кызматынын жумушчу комиссиясы тарабынан методикалык жардам көрсөтүлүп, консультациялар берилди.

Аталган маморгандын жетекчилиги аныкталган мыйзам бузууларды бир ай аралыгында талапка ылайык келтирбесе, Мамлекеттик кадр кызматы топтолгон маалыматты Жогорку Кеңешке, Президенттин, Өкмөттүн Аппаратына,  Башкы прокуратурага, Эсеп палатасына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүүгө жиберүүгө укуктуу.