Улуттук кадрлар резервинен  жетектөөчү кызматтарга дайындалды  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын буйругунун негизинде Улуттук кадрлар резервинин курамынан Акылбек Абдрахманов Ош облусундагы Өзгөн мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси кызматына, Алиаскар Тургунбаев Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигиндеги инвестициялык саясат башкармалыгын ЭЭА (эркин экономикалык аймак) инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды.

Бүгүнкү күндө Улуттук кадрлар резервинде 30 резервист бар, анын ичинде 20 жогорку административдик кызмат, 10 башкы кызмат.

Эскерте кетсек, Улуттук кадрлар резервин түзгөндөр мамлекеттик жана муниципалдык башкы жана жогорку бош кызмат орундарына жайгашууда артыкчылык укугуна ээ.