КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Келе жаткан Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жолугуп куттуктады.  

Алар:

Чешова Анисья Васильевна,

Ромашкин Леонид Иванович,

Сухинин Николай Михайлович.

Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери  бир нече ардегерлер үйүнө барып, жолугуп  жеңиш майрамы менен куттуктап, аларга бакубат жашоо, чын ден соолук, узун өмүр каалашты. “Канча убакыт өтсө да биздин ардагерлер өз сынынан жазбай биз үчүн алар чындыктын, каармандыктын,  үлгүсү катары көз алдыбызда”- деди МККнын Карьералык пландоо, уюштуруу иштери бөлүмүнүн жетекчиси  Эльтуран Акматалиев.

Ардагерлер менен баарлашууда согуш убагындагы жана согуш убагынан кийинки оор мезгилдер жөнүндө эскеришти. Ардагерлер көрсөтүлгөн камкордуктар үчүн ыраазычылык билдиришти. Аларга тамак – аштар жана акчалай белектер тапшырылды.

Улуу Жеңиштин болуп өткөндүгүнө 74 жыл  болду. Биз аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин, согуш талаасындагы курмандыгын, ооруктагы эмгегин, жерине, элине болгон сүйүүсүн  эч качан унутпайбыз. Бул эскерүүлөр бизге жана өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн алдыга умтулууга ,кыйынчылыкты жеңүүгө чоң пайдасын алып келет.