Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү Ош шаарында тегерек стол өткөрүштү

2019-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте, Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столго Өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б.Аккозиев, башкы адиси Г.Т.Ыбышова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн Ош аймактык группасынын төрагасы Н.А.Каримов жана бүтүрүүчүлөрү, Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы И.Х.Берхмаматов жана кызматчылары, Ош шаарындагы Жаштар Парламентаризминин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Тегерек столдо Өкүлчүлүктүн жетекчиси А.Б.Аккозиев катышуучуларга Мамлекеттик кадр кызматынын функционалдык милдеттери, Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана бул мыйзамдын астында кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын кабыл алынып жана өзгөртүүлөр киргизилип  ишке ашырылып жаткандыгы,  мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, кызматка кирүүдө конкурс өтүүнүн шарттары, квалификациялык талаптар, ротациялоо, дегеле аткарып жаткан иштери жөнүндө кенен токтолуп айтып берди. Тегерек столго катышкан жаштардын Парламентаризминин өкүлдөрү жана студенттер тарабынан абдан кызыктуу суроолор берилип, ой-пикирлер айтылып, кенен кызуу талкуу менен өттү.  Аталган иш-чарага жалпы 30 адам катышып, билимдүү жаштардын келечекке карай умтулуусунда таалыкпас эмгек ийгиликтерди алып келээрин белгилешип, ушундай иш-чараларды дагы уюштуруп туруу сунушу айтылды.

Баткен жана Жалал-Абад облустарында да Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгын жана жакында Ош Мамлекеттик Университетинин “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасында да уюштуруп өткөрүү пландаштырылып жатат.