МККнын кызматкерлери англис тилин үйрөнүп жатышат

2019 – жылдын февраль айынан тартып, Мамлекеттик кадр кызматынын 22 кызматкери “English for Young Professionals” долбоорунун алкагында акысыз негизде англис тилин үйрөнүүдө. 

Курсту “Лингва” коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурган.

Долбоор англис тилин өздөштүрүп баштаган жаш кызматкерлерге жана мамлекеттик кызматчыларге багытталган. Долбоордун алкагында катышуучулар англис тилин акысыз түрдө 2019-жылдын февраль айынан декабрга чейин окуйт.