ММКнын жетекчиси Бакыт Сагынбаев мамлекеттик кызматтын Астана хабынын сессиясына катышты

Мамлекеттик башкаруудагы алдыңкы эл аралык эксперттер, маморгандардын регионалдык жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдар жана университеттер мамлекеттик кызматтын Астана хабынын “Сыйлоо жана таануу: 21-кылымда мамлекеттик кызматкерди кантип шыктандыруу керек?” деген темадагы сессияга катышты. Сессия Астана экономикалык форумунун негизинде болуп өттү, ага Нобель сыйлыгынын лауреаттары, азыркы жана мурунку мамлекет башчылары, саясатчылар, экономисттер, окумуштуулар жана бизнесмендер катышты. 

Мамлекеттик кызматтын Астана хабынын башкаруучу комитетинин төрагасы Алихан Байменов,  БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, ПРООНдун администраторунун жардамчысы жана КМШ, Европа өлкөлөрүндөгү регионалдык бюросунун директору  Мирьяна Сполярич Эггер, Назарбаев университетинин президенти Шигео Катсу, ошондой эле Казакстан Республикасынын мамкызмат иштери жана коррупцияга каршы агенттигинин башчысы Айгуль Шаимова иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Аткаруучу органдардын жетекчилери жана он бештен ашык өлкөдөн келген эксперттер мамкызматкердин эффективдүү иш-аракетин  баалоо, эмгек акы системасын реформалоо жаатында тажрыйбалары менен бөлүштү. Сессия учурунда КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев “Кыргыз Республикасында мамлекеттик административдик жана муниципалдык  кызматкердин ишмердүүлүгүн баалоо” деген темада презентация жасады. Өз презентациясында ал мамкызматкердин ишмердүүлүгүн баалоо - материалдык жана материалдык эмес жактан шыктандырууда эң башкы курал болоорун белгиледи. Ишмердүүлүктү баалоодо эмгек акыны төлөөнү, класстык чиндерди ыйгарууну жолго коюу, дегеле мамкызматкердин эмгек акысын жогорулатууну кароо негизги шарттар болуп саналат. Ошондой эле КРдин МКК башчысы Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоо жаатында иш-чаралар улантылып жатканын белгиледи.

Азыркы тапта 41 өлкө мамлекеттик кызматтын Астана хабынын сессиясынын катышуучулары болуп эсептелет. Алардын ичинде  ОЭСР, КМШ, Кавказ, Борбор Азия жана АСЕАН өлкөлөрүнөн бар. Кыргыз Республикасы Астана хабын уюштуруучулардын бири.